Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 3-июлда жаан жаайт

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 436 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 18….23… күндүз: 22… 27 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 15….20….күндүз: 21…..26°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 19…24….күндүз: 22……27°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 26……31°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 9….14…..күндүз: 26….31°C;

3-июлда Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24……26°C, түнкүсүн 20….22°C.

Copyright © 2017 Maral FM