Биз менен байланышыңыз

Ажы сапарына баруучулар окутулууда

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 579 | 0

Эки аптадан кийин ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу Аравияга учат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Оштун Ноокат району боюнча быйыл ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга окуу семинарын өткөрүп жатып айтты.

Муфтияттын маалымат кызматы билдиргендей, сабак слайд түрүндө түшүндүрүлүп, ихрам байлоо, чач алуу, Арафат тоосунда жана ал күнү аткарыла турган амалдар, ыйык Каабаны айлануу эрежеси, ажылык учурунда кандай дубалар кылынары, Сауд Араб Падышачылыгынын бардык ажыларга койгон талаптары, мыйзамды бузган учурдагы жоопкерчиликтер боюнча айтып берди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Ушул жылдын 16-июлунан 17-июлга караган түнү ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына сапар алмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM