Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Иркутск облусундагы апаатка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 502 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Иркутск облусундагы суу каптоолордон улам адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Орусия мамлекетинин лидери Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин расмий сайты билдирди.

«Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Copyright © 2017 Maral FM