Биз менен байланышыңыз

6 айда бюджетке 38,2 млрд сом салык түштү

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 419 | 0

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында салыктардын жана төлөмдөрдүн эсебинен мамлекеттик бюджетке 38,2 млрд сом киреше кирген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 723 млн сомго көп. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу чогулушта Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Ал билдиргендей,  бүгүнкү күндө 130 миңден ашуун салык төлөөчү отчетун электрондук түрдө тапшырууда.

Салык кызматынын башчысы ошондой эле, акыркы жылдарда салык кызматы кабыл алган кошумча функциялар жөнүндө эске салды. Алардын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында импорт боюнча кыйыр салыктарды башкаруу, жеке жактарды мамлекеттик каттоо жана башкалар бар.

Copyright © 2017 Maral FM