Биз менен байланышыңыз

Кабулдагы жардырууга «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 593 | 0

Ооганстандын Кабул шаарында болгон кезектеги жардыруу боюнча жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Забиулла Муджахид жарыялаганын жергиликтүү Khaama Press агенттиги жазды.

Террорчулар Ооганстандын Коргоо министрлигинин жанындагы унааны жардырышкан. «Талибан» өкүлүнүн айтымында, жардыруудан кийин куралчан аскерлер ок чыгарышкан.

Дарыгерлердин акыркы билдирүүсү боюнча кырсыктан 65 киши жаракат алып, ооруканаларга жеткирилген. Алардын 10у жаш бала.

Жардыруу эртең менен элчиликтер шаарчасына жакын аймакта болгон.

Copyright © 2017 Maral FM