Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 714 | 0

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун буйругуна ылайык, мэрияда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Алибек Биримкулов Бишкектин Биринчи Май районунун акими кызматына дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Биримкулов буга чейин Сокулук жана Панфилов районунун башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган.

Токтосун Султанов шаардын Ленин районунун акими болду.

Буга чейин ал баш калаадагы Биринчи Май районунун акими болуп иштеген.

Нурдин Тынаев Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Ал буга чейин Бишкектин Ленин районунун акими кызматын аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM