Биз менен байланышыңыз

Юрист: Албек Ибраимов «Дастан» ишканасына 470 млн доллар зыян келтирген

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 817 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун үстүнөн сот иши уланууда.

Бүгүнкү отурумда жапа чеккен тарап катары сотко катышып жаткан «Дастан» ишканасынын юридика бөлүмүнүн башчысы суракка алынды.

Бөлүм башчы прокурордун суроосуна жооп берип жатып, ишканага келтирилген чыгым 470 миң долларга жеткенин айтты.

Анын айтымында, «Дастан» ишканасы менен украиналык компаниянын жана «Дастан» ишканасы менен «Дастан инжениринг» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдеги айырмачылык ушундай өлчөмдөгү каражатты түзгөн.

«Бүгүнкү күндө келтирилген чыгым ордуна коюла элек. «Дастан инжениринг» өндүрүмдөрдү 180 доллардан сатып алган. Буга карабай 6670 долларга келишим түзүлүүдө. Ушундан улам айырмачылык пайда болуп жатат», — дейт жабырлануучу.

Прокурордун: «Бул ишке Албек Ибраимовдун кандай тиешеси бар?» — деген суроосуна юрист: «Албек Ибраимов ошол кезде «Дастан» заводунун башчысы болуп турган», — деп жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM