Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 1-июлда жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 499 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 17….22… күндүз: 31… 36 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 14….19….күндүз: 29…..34°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 18…23….күндүз: 32……37°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 11…16….күндүз: 25……30°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 26….31°C;

1-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 34….36°C, түнкүсүн 19….21°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM