Биз менен байланышыңыз

Иркутск облусундагы суу ташкынынан 1,7 миң үй суу астында калды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 473 | 0

Орусиянын Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 4 миңден ашык адам жашаган 1,7 миң үй суу астында калды. Бул тууралуу аймактык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Иркутск облусунун Нижнеудин, Тайшет, Тулун, Чунск, Зиминск райондорунда жаандан 10,4 миң киши жашаган, 4,2 миң үй суу алдында калган.

15 убактылуу турак жайда 1,3 миңден ашык адам күн кечирүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, суу каптоодон 5 адам каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган.

30-июнга алынган маалымат боюнча аталган аймакта аба ырайы өзгөрүүсүз бойдон калууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM