Биз менен байланышыңыз

Ошто мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 555 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1993-жылы туулган А уулу А., аттуу жаран мыйзамсыз курал алып жүргөн жеринен Ош шаарында кармалды. Бул туууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кароо жүргүзгөн учурда, шектүүнүн жанынан кара түстөгү тапанча табылган.

Соттук-баллистикалык экспертизанын берген корутундусуна ылайык, шектүүдөн алынган 9 мм калибрлүү, жеке номери жок «Байкал-442» тапанчасы ок атууга жана колдонууга жарактуу экени аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM