Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек — Автожол» бекетинен 24 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 410 | 0

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 24 тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Көзөмөл өткөрүү бекетине Казакстандан келген «Volvo» үлгүсүндөгү унааны  текшерүү учурунда документте «жылытуучу мунай» деп көрсөтүлүп, бирок анда 24 тонна күйүүчү май бар экени аныкталган.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин 1986-жылы туулган Кыргызстандын Д. Г. аттуу жараны жүгү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM