Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Бакытжан Сагинтаев Алматы калаасына башчы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 477 | 0

Казакстандын мурдагы премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Алматы шаарынын акими болуп дайындалды. Мындай жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Токаевдин дагы бир жарлыгы менен Бауыржан Байбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин Алматы калаасынын жаңы акимин шаардын активине кечээ тааныштырды.

55 жаштагы Сагинтаев ушуну менен акыркы беш айдын ичинде үчүнчү жолу кызматын алмаштырып жатат.

Сагинтаев 1-мартта өлкөнүн мамлекеттик катчысы болуп дайындалган. Көп өтпөй 24-мартта президенттик администрацияны жетекчиси кызматына келген.

Copyright © 2017 Maral FM