Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ӨКМ Куткаруучулар күнүн белгиледи

Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 364 | 0

Бүгүн Бишкектеги Д.Асанов атындагы парктагы куткаруучулар аллеясында куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Салтанатта Куткаруучуга арналган эстеликке гүл коюлуп, өз ишин мыктыларына сыйлыктар ыйгарылды.

Иш чара 1-июлда белгиленүүчү Куткаруучу күнүнүн урматына өткөрүлдү. Быйыл Кыргызстанда Куткаруучулар өзүнүн уюшулганынын 28 жылдыгын белгилешет.

Иш чарага Өзгөчө кырдаалдар министри, кызматкерлер жана ардагерлер катышты.

Өз сөзүндө министр Нурболот Мирзахмедов куткаруу кызматы оор бирок, сыймыктуу жумуш экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM