Биз менен байланышыңыз

БУУнун Кыргызстандагы долбоорлору талкууланды

Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 466 | 0

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) системасынын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн маселелери талкууланды.

Мындай маселе кечээ өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен БУУнун Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуусунда айтылды.

Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Жолугушууда БУУ системасынын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча келечек пландар талкууланды. Жолугушууга ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын кеңешчиси Александр Аванесов да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM