Биз менен байланышыңыз

Чек арачылар Чоң-Капкадан кезектеги аткезчини кармады

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 348 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 800 литрден ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Көзөмөл өткөрүү бекетинен Казакстандан келген «Mercedes» жана «MAN» автоунааларын кезектеги текшерүү учурунда эки автоунаадан техникалык мүнөздөмөсүндө көрсөтүлбөгөн кошумча бак табылып, анда 800 литрден ашык күйүүчү май бар экени аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, 1992-жылы туулган Э. Н. жана 1962-жылы туулган Д. А. аттуу Кыргызстандын жарандары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM