Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 447 | 0

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар башталды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик тил күнүнүн алкагында майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Майрамдын салтанатты утурлай, бир катар иш-чараларды: атап айтсак, илимий-практикалык конференция, «Кел, кыргызча сүйлөйлү» жаштар өнөктүгүн жана флэшмобун, мектеп окуучуларынын арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган мекендештер арасында тил сынактарын жана акындардын эл аралык айтышын өткөрүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле, «Ырдайлы кыргыз ырларын» республикалык фестивалы өтөт. Анда Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү кыргызча ырдашат. Сынак алгач райондук жана облустук деңгээлдерде өткөрүлүп, андан соң аймактардан тандалып алынган жеңүүчүлөр Бишкек шаарындагы гала-концертке катышышат. Бул иш-чарага кыргызча ырларды аткарган чет элдик ырчылар да конок катары чакырылат.

Copyright © 2017 Maral FM