Биз менен байланышыңыз

Футбол. Америка Кубогу: Бразилия жарым финалга чыкты

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 630 | 0

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Америка Кубогунда Бразилия жарым финалга чыкты. Бразилия курамасы чейрек финалда Парагвай командасын жеңип алды.

Беттештин негизги бөлүгү 0:0 тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 15 мүнөттүк эки таймда да гол болгон жок.

Оюндан кийинки 11 метрлик пенальтилер сериясынан 4:3 эсебинде Бразилия жеңишке жетишип, мелдештин жарым финалына чыкты.

Бүгүн чейрек финалдык этапта Аргентина курамасы Венесуэла менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM