Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Арыстын тургундары эми Чымкенттин борборуна келишти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 506 | 0

Казакстандын Арыс шаарындагы жол бөгөп жаткан тургундар эми Чымкенттин борбордук аянтына келишти. Бул маалыматты «Власть» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чыккандардын колунда «Арыска башпаанек» аттуу бир нече плакаттар бар. Алар бийликтен жергиликтүүлөргө башка жайдан жер, турак жай берүүсүн талап кылышууда. Ошондой эле, арасында мамлекет тарабынан берилип жаткан жардамдарга нааразы болгондор да жок эмес.

Казакстандын полициясы митингчилердин кыймылына тоскоол болбостон, «Ак мечиттен» Чымкенттин борборуна чейин коштоп гана келишти. Борбордо өтүп жаткан митингге да  кийлигишпей, четтен байкоо салып турушту.

Кошумчалай кетсек, Арыс шаарында 45 миңден ашуун тургун бар, алар аскердик бөлүктөгү жарылуудан кийин аталган аймактан көчүрүлгөн болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM