Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик президенттери чек араны тактоо маселесин тездетүүнү макулдашты

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 510 | 0

Бүгүн, 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана жалпы Тажикстандын элин Улуттук биримдик күнү менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле, эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, чек араны тактоо жана ажыратуу маселесин тездетүүнү макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM