Биз менен байланышыңыз

Рахмон: Эмне үчүн ажылыкка барасыңар? Чыныгы ажылык жаныңарда, ал — ата-энеңер

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 1219 | 0

Тажикстандын президенти иш сапары менен келген Сангвор районунун тургундары Эмомали Рахмонго апасы менен түшкөн сүрөтүн белек кылышты. Бул белек Эмомали Рахмонду катуу таасирлентип, көзүнө жаш алып, апасы тууралуу жергиликтүүлөргө айтып берди.

Тажик президенти апасы Марямбиби анын жогорку билим алуусуна маанилүү роль ойногонун эскерип, «Менин жогорку билим алуума апамдын таасири чоң болгон. Атам үй жумушун жасай турган адам калбайт деп мени окууга жибергиси келген эмес. Ошондо апам: «Уулумдун иштерин да өзүм жасайм: мал караганга да, тамак-аш жасаганга да, кир жууганга да өзүм жетишем. Уулубузга батаңды бер, ал барып окуп келсин», — деген эле», — деди.  

Мындан сырткары, ал сүрөттөгү апасынын колун көрсөтүп, «Мына апамдын колун карабайсыңарбы? Ал эркектерден көп жумуштарды жасаган. Кара жумуш менен жанын баккан», — деп белгилеген.

Ошондой эле, жолугушууга келгендерге кайрылып, «Эмне үчүн ажылыкка барасыңар? Мына чыныгы ажылык жаныңарда турат. Ата-энеңердин ыраазычылыгын алгыла, мына ошол ажылык болуп эсептелет», — деп кошумчалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM