Биз менен байланышыңыз

«Ташкент—Тамчы» алгачкы авиакаттамы Ысык-Көлгө келди

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 450 | 0

Бүгүн Ысык-Көлгө Өзбекстандан «Ташкент—Тамчы» багытындагы биринчи авиакаттамынын учагы менен туристтер келди. Бул тууралуу Туризм департаменти кабарлады.

Өзбекстандан келген 140 туристти Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Сардор Сайдирасулов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Жайкы сезон учурунда эл аралык каттам менен 3 миң турист келери айтылууда.

Эки күн мурун коңшу өлкөдөн 40 журналист келген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM