Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Туристтерге бекер SIM-карта берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 433 | 0

Тажикстанга барган ар бир конок туристтик симкарта алса болот. Бул тууралуу тажик өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстанга келген туристтер Tcell компаниясынан бекер симкарта алып, 10 күн каттоосуз колдоно алат.

Симкартаны алуу үчүн коноктор Дүйшөмбү аэропортундагы жана жалпы эле чек ара аймактарындагы туристтик милиция бөлүмүнө кайрылуусу керек.

Симкарта 10 күнгө ылайыкталып, ичинде чалуу үчүн 100 мүнөт жана интернет колдонууга 100 мегабайт бар. Ошондой эле, симкарта ээлери Тажикстанда болуп жаткан чоң иш-чаралар жана коопсуздукка байланыштуу маанилүү жаңылыктардан кабардар болуп турары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM