Биз менен байланышыңыз

«Ташкент-Тамчы» чартердик авиакаттамын кайра жүргүзүү мерчемделүүдө

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 403 | 0

«INSPIRO TRAVЕI» (Кыргызстан) жана «АЗИЯ ЛЮКС TRAVЕI» (Өзбекстан) туристтик компаниялары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү астында жана «Өзбекстан хаво йуллари» компаниясы менен биргеликте ушул жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин туристтик сезонго карата «Ташкент-Тамчы» маршрутундагы чартердик авиакаттамды кайра жүргүзүүнү мерчемдеп жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу туристтик каттамды жеңилдетүү максатында уюштурулуп жаткан «Ташкент-Тамчы-Ташкент» аба каттамы жумасына бир жолу бейшемби күнү жүргүзүлөт.

Бул каттамды учуруу алкагында, Өзбекстандын ЖМК өкүлдөрү үчүн Кыргызстанга маалымат туру менен келери уюштурулууда.

Copyright © 2017 Maral FM