Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө туристтер жолду тазалашты

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 645 | 0

Чет элдик туристтер Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында унаа жолго жыгылып калган бактын бутактарын тазалашты.

Бүгүн, Өрүктү айылында катуу шамалдан улам унаа жолго дарактын куураган бутактары сынып түшкөн. Туристтер өздөрү бара жаткан унааны токтотуп, бутактарды жолдун жээгине чыгарып коюшту.

Маалыматка ылайык, туристтер Франциядан келишкен. Алар муну менен жол кырсыгынын алдын алууга аракет кылганын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM