Биз менен байланышыңыз

Гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн уюмдар салыктан бошотулат

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 485 | 0

Бүгүн, Жогорку Кеӊеш жалпы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда карап, добуш берүүгө жиберди.

Мыйзам долбоорунун максаты терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан адамдарга өз убагында жана сапаттуу гемодиализ кызматын алууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоорун 3-окууда алып чыкты.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун милдети болуп Бирдиктүү төлөм системасында иштеген жана өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан адамдарга гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдардын кошумча наркка салык, сатуудан салык жана пайдага салык төлөөдөн бошотуу аныкталган.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу жеке медициналык уюмдарга өлкөнүн бардык аймактарында муктаж адамдарга гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM