Биз менен байланышыңыз

5-телеканалдан парламенттик макамын алуу жана аны андан ары сатуу демилгеси сунушталууда

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 655 | 0

Жогорку Кеӊеште 5-каналдан парламенттик телеканал макамын алып салуу жана аны андан ары сатуу максатында демилгеленген «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорун Өкмөт демилгелеген.

Эске салсак, «Бешинчи канал» 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен улутташтырылган. Ал эми 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Андан соӊ, жумушчу топ түзүлүп, ал мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келген. Анткени, телеканалдын уюштуруу-укуктук формасы жана менчик ээси аныкталган эмес.

Ушу тапта мыйзам маанисин жоготту. Өкмөт «Бешинчи каналга» пайызсыз насыяларды бөлүп жаткандыктан, бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө. Жогорку Кеңеш азыркы учурда өз ишин «Пирамида» телеканалы аркылуу чагылдырып жатат. Андан тышкары, Өкмөт аталган телеканалды өнүктүрүү үчүн мезгил-мезгили менен пайызсыз бюджеттик насыяларды бөлүп берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM