Биз менен байланышыңыз

Ирсалиев: Мигранттар жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк алат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Июн 2019 | 1750 | 0

Мигранттардын пенсия маселеси Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында түзүлүп жаткан келишим менен чечилет. Келишимге кол коюлса, мигранттар иштеп жаткан өлкөсүндө жергиликтү жарандар сыяктуу социалдык кызматтардан да пайдалана алышат. Тагыраагы, жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш мигранттарга пенсия төлөө боюнча келишимге макулдук берген соң, документтер ЕАЭБге  жөнөтүлөт.

«Келишимге кол коюлса, мигранттар иштеген өлкөдөгү жарандар менен тең укуктуу болот. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө иштеген мигранттардын эмгек стажы эске алынып, алар Социалдык фондго төлөгөн каражаттар Кыргызстанга которулат да, пенсия алышат. Ал эми төлөгөн жылдарды ар бир мамлекет өзүнүн мыйзамдарына ылайык эсептеп, пенсияларды экспорттойт. Келишим күчүнө кирген күндөн тарта иштей баштайт», — дейт Ирсалиев.

Copyright © 2017 Maral FM