Биз менен байланышыңыз

«Орусияга Маданият министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 481 | 0

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Маралда» өтүп жаткан тегерек үстөлдө Орусияга Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлчүлүгү керек экенин билдирди.

Анын айтымында, Мадания министрлиги Орусиядагы кыргыз мигранттары үчүн өкүлчүлүгүн ачышы керек. Ал миграттардын балдарынын каада-салт, үрп-адаттарды үйрөнүүсүнө жана баалуулуктарды сактап калуусуна шарт түзөт.

Мындан сырткары, Орусиянын Кыргызстанга акча которууга койгон чектөөсү парламентте көтөрүлүп, өкмөт көңүл бура турган  маселе.

Молдокматов өлкөдө карылар үйүнүн, балдар үйүнүн көбөйүшү миграцияга байланыштуу экенин белгиледи.

«10 жылда 853 бала зордук-зомбулукка кабылган. 2011-жылдан бери сырт жакта ташталган 98 наристе өлкөгө кайтарылды. Буга кошумча, баланы боюнан алдырып салгандар да көп. Мунун айынан Орусияда тез жана арзан аборт кылган клиникалар көбөйүп жатат. Бирок биз балдарды окутуп даяр кылып койгондо башка мамлекет биздеги баалуулуктарды колдонуп жатат. Даяр балдар алтындан да баалуу. Биз аны чет мамлекеттерге берип коюп жатабыз», — дейт Молдокматов.

Белгилей кетсек, «Маралда» «Мигрант көйгөйүн мигрант айтат» деген темада тегерек үстөл өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM