Биз менен байланышыңыз

Алай менен Чубук райондорунун боордоштук байланыштары түзүлөт

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 381 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев этникалык кыргыздар жашаган Анкара шаарына караштуу Чубук районуна барды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Элчи сапарынын алкагында, Чубук районунун мэри Баки Демирбаш жана Акими Угур Сезер менен маданий-гуманитардык кызматташтык, анын ичинде Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселелерин талкуулашты.

Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн ата-теги Оштун Алай аймагынан болгону маалым. Бул жагдайды эске алып, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тараптар Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Алай району менен Түркия Республикасынын Чубук районунун ортосунда достук жана боордоштук байланыштарды түзүү максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Жолугушууда Чубук районунун кѳчѳсүнѳ же болбосо паркына кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу, ошондой эле, «Ата журт» этнокомплексин куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM