Биз менен байланышыңыз

Башпрокуратуранын экс-президент Атамбаевге байланыштуу бүтүмү даяр

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 416 | 0

Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу бүтүмү даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин бүгүнкү отурумунда депутат Талант Мамытов билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын бүтүмүн кароо маселесин күн тартибине киргизүүнү сурады.

Эске сала кетсек, 20-июнда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомдун долбоору каралып, кабыл алынган токтом юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Атайын түзүлгөн комиссиянын тыянагы менен Атамбаевге коюлган 9 айыптын ичинен алтоо калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM