Биз менен байланышыңыз

Мирзахмедов: 5 миңге жакын адам кооптуу аймакта жашайт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 426 | 0

Учурда 5 миңге жакын адам кооптуу аймакта жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 4 миңден ашуун жаран жер көчкү, таш кулоо жана сел коркунучу күтүлгөн аймактарда жашайт. Сел коркунучунун коопсуздугу камсыздалган. Ал эми жер көчкүлөрүнө ӨКМдин күчү жетпейт. Акча каражаты аз сарпталган жерлерде көчкүлөрдү алып салуу мерчемделүүдө.

Ошондой эле, жер көчкү коркунучу бар жерлерге дарак тигүү натыйжасын берет. Быйыл бул жаатта 90 миң көчөт тигилген. Алардын айланасын курчоо үчүн 3 млн сомго тосмо орнотулган.

«Бүгүнкү күндө таш кулоо коркунучу бар жерлер биздин көзөмөлдө. Транспорт министрлиги да таш кулатуу иштерин жүргүздү. Буга кошумча, биз аба ырайын так берип жатабыз. Эми жаан-чачын токтоп, күндүн ысышы жогорулайт. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу жаан аз болот», — дейт Мирзахмедов.

Copyright © 2017 Maral FM