Биз менен байланышыңыз

Арыстагы жарылуудан жабыр тарткандардын саны 46га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 541 | 0

Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыр тарткандардын саны 46га жеткендигин Шымкенттин саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып РИА Новости жазды.

Арыс шаарындагы жарылуудан 34 адам жабыркап, Түркстан облустук клиникалык ооруканасына жеткирилди. Мындан сырткары 12  адам ар кандай жаракат менен Шымкенттеги №1чи ооруканага өздөрү кайрылышты. Алардын бешөө жаш балдар”- деп билдирген Шымкенттин саламаттыкты сактоо башкармалыгы.

Мындан сырткары бир жабырлануучунун абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахметов билдиргендей, Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуулар уланып, өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Жарылуунун интенсивдүүлүгү төмөндөдү, бирок мезгил-мезгили менен жарылуу болуп жатат. Мына ошондуктан өртөчүрүү кызматы жарылуу болгон жерге барып, өчүрө албай жатат”- деп билдирген Нурсултан Нурахметов.

Эске салсак, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 09:20да Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болду. Бийлик шаарга өзгөчө кырдаалдар режимин киргизип, жашоочуларды эвакуациялоодо. Жардыруу болгон жерге Коргоо министри Нурлан Ермекбаев учуп барып, окуянын жеринен таанышты.

Ошол эле учурда “Айлана чөйрөгө коркунуч жатараткан заттарды сактоо эрежесин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM