Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан -Иран: Кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 465 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин  Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Меморандумга Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков жана Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун  башкы директору доктор Сейед Казем Саджадпур мырза кол коюшту.

Кол коюлган меморандум илимий-изилдөө кызматташтык, эки өлкөнүн дипломаттарынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле биргелешкен  илимий семинарларды, жыйындарды, тегерек  столдорду  өткөрүү сыяктуу кызматташтыктын багыттарын камтыйт.

Copyright © 2017 Maral FM