Биз менен байланышыңыз

Жаш дипломаттар үчүн IV эл аралык жайкы мектеп өз ишин баштады

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 411 | 0

Бүгүн, 24-июнда Ыссык-Көлдө Ооганстан, Монголия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш дипломаттары үчүн төртүнчү эл аралык жайкы мектеби өз ишин баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жайкы мектептин ишине Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын, Казахстандын, Туркменистандын, Ооганстандын жана Монголиянын тышкы иштер министрликтеринин кенже звеносунун дипломаттары катышууда.

Иш чараны өткөзүүнүн максаты аймактын дипломатиялык кызмат өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз мамилесин өнүктүрүү жана белгиленген тематика боюнча  пикир алмашуу болуп саналат.

Бир жумага созулган иш чарада адам укуктары, эл аралык жана аймактык мамилелер, экономика, экстремизмге жана терроризмге каршы аракет, азыркы башка чакырыктар боюнча эл аралык эксперттер тарабынан лекциялар окутулат.

Copyright © 2017 Maral FM