Биз менен байланышыңыз

Дикамбаев атындагы дипломатиялык академия Катар менен кызматташат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 750 | 0

Бүгүн, 24-июнда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катардын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык институттун ректору, доктор Абдулазиз бин Мохаммед Аль-Хорду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясы менен Катардын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык институттун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Профессордук-окутуучу курамдардын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана 2019-жылы Бишкек шаарында Кыргыз тарап менен Катардын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 21 жылдыгына арналган «Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташуунун абалы жана келечеги» темасында тегерек стол өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Ошондой эле дипакадемиянын илимий-изилдөөчүлүк, билим берүүчүлүк дараметин бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

 

Copyright © 2017 Maral FM