Биз менен байланышыңыз

“Кыйноолорго каршы 26 күн” маалымат кампания өтүп жатат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 386 | 0

Кыргызстанда “Кыйноолорго каршы 26 күн” аталышта маалымат кампания өтүп жатат.

Бул тууралуу өлкөдөгү Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчисинин орун басары Динара Саякова билдирди.

Анын айтымында, 1-июнда башталган акция борбордун 7 жылдыгына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы конвенциясынын 35 жылдыгына арналат.

Анын алкагында Улуттук борбордун кызматкерлери бир катар жабык мекемелерди кыдырып, абактардын абалы менен таанышып чыккан. Баардыгы болуп 18 мекеме текшерилген. Анын ичинде 9 убактылуу кармоочу жай, 2 тергөө абагы жана 4 балдар кармалуучу мекемелер бар.

Ошондой эле жогорку окуу жайларда сүрөт көргөзмөлөрү, студенттер арасында дебаттык таймаштар өткөрүлгөн. Андан тышкары, Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүктөрүндө да атайын иш-чаралар уюшулган.

Copyright © 2017 Maral FM