Биз менен байланышыңыз

Милиция качан полицияга өтөт?

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 694 | 0

Милициядан полицияга өтүү каржы маселесине такалып жатат. Аталган көйгөй жакынкы аралыкта чечилет. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов «Марал» радиосуна берген билдирди.

Курсан Асанов мындан сырткары патрулдук милициянын өзгөчөлүгү тууралуу да маалымат билдирип, патрулдук милиция үчүн конкурс ачык жарыяланып, аны жарандык коомдун өкүлү жетектеп жатканын айтты. Ошондой эле комиссиянын 60%ы жарандык коомдук өкүлдөрүнөн түзүлгөнүн кошумчалады.

Патрулдук милиция кызматы үчүн түшкөн 1 миң 292 арыздын 505и жарандык коомдун өкүлдөрүнөн келген. Алар биринчи тесттен өтүп, сынактан 99 адам кулаган. Бүгүнкү күндөн тарта физикалык тестирлөөлөр уланат.

Ал эми кайгуул кызматында иштеп жүрүп, конкурстан өтпөй калгандар ИИМдин башка бөлүмдөрүнө иштеп кетүүгө укуктуу.

«ИИМ биринчи жарандардын укугун коргойт. Тартип болушу үчүн мыйзам чегинде чара көрүлөт. Коомдук коопсуздук сакталса өнүгүү болот, инвестиция келет», — дейт Асанов.

Copyright © 2017 Maral FM