Биз менен байланышыңыз

Асанов: Алдыда милициялар 5 күндүк график менен 8 саат иштешет

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 996 | 0

«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам долбоору күчүнө кирсе, милициялар 5 күндүк график менен 8 саат иштешет. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда милициялар дем алыш күндөрү да кызмат кылышат. Жаңы мыйзамга ылайык, дем алыш күндөрү иштеген кызматкерлер иш күндөрү эс алат.

«Милицияларды күйүүчү май менен камсыз кылуу зарыл. Алсак, учурда 3-5 литрге чейин күйүүчү май берилет. Бирок бул жетпейт. Тийиштүү мыйзам долбоору толук ишке кирсе, жакшы жакка өзгөрүү болот», — дейт Асанов.

Ал маалымдагандай, тийиштүү мыйзам долбоору күчүнө кирсе, ар бир милициянын маянасы 40%га чейин жогорулайт. Пенсиялар 2500-4000 сомго чейин көтөрүлөт.

Белгилей кетсек, милициялардын пенсия чыгуу мөөнөтү 20 жыл.

Copyright © 2017 Maral FM