Биз менен байланышыңыз

Асанов: Милиция кызматкерлери үчүн 516 турак жай курулууда

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 759 | 0

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 516 турак жай курулууда. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жүрүп жатат. Мындан сырткары, каржы маселеси чечилсе, Чүй менен Талас облусунда да турак жай курулат.

Асанов мамлекет тарабынан ички иштер органдарына бөлүнгөн каражат жыл сайын өсүп келе жатканын белгилейт.

«Мамлекет мурда бизге сураган каражаттын 50%ын берсе, азыр ал көрсөткүч 59%га көтөрүлдү. Буга кошумча, кызматкерлерге тигилген кийимдердин ичинде сапатсыздары да болот. Милициялардын айлык маянасы көтөрүлгөн соң алардын формасын да өзгөртүшүбүз керек. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Жарандарга жөнөкөй мамиле кылуу да реформанын бир түрү«, — дейт Асанов.

Асанов: Милициялардын маянасы 40% жогорулайт

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM