Биз менен байланышыңыз

Асанов: Милиция кызматкерлеринин маянасы 40%га жогорулайт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 7630 | 0

«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам долбоору күчүнө кирсе, кызмат өтөө учурунда жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлөт. Колдоо көрсөтүү 3 топко бөлүнгөн. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору кабыл алынса, 2020-жылдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, кенже курамдагы кызматкерлердин маянасы 40%га чейин жогорулайт. Мындан сырткары, ИИМде кызмат өтөгөндүгү үчүн 30% кошулат. Демек, айлык акы 70%га чейин өсөт.

Ошону менен катар ардагерлердин пенсиясы да көтөрүлөт. Ал үчүн жалпы 2 млрд 700 млн сомдой каражат керектелет.

«Бизде пенсияга чыгуу мөөнөтү 20 жыл. Башкача айканда, укук коргоо тармагында 20 жыл иштеген кызматкер компенсация ала баштайт. Ал эми толук кандуу пенсия алуу үчүн 30 жыл иштеши керек болот. Пенсияга чыгуу мыйзамы башка мыйзам менен жөнгө салынат», — дейт Асанов.

Анын билдиргенине таянсак, мыйзам президент Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо органдарынын тутумун реформалуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу жана аталган органды реформалоонун алкагында иштелип чыккан.

Ошондой эле, укук коргоо органдарын оптимизациялоо, кызматка алууда кесипкөйлөрдү тандап, ачыктыкты билдирүү, ар бир кызматкердин үй-бүлөсүнө социалдык жактан кам көрүү жана алардын статусун, физикалык күчүн, курал жарактардын пайдаланышын жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

«Укук коргоо органдарын жалпылап алып жакшы мыйзам жаздык. Социалдык кепилдик боюнча айтсак, укук коргоо кызматкерлерине жардам көрсөтүү азыркы күнгө чейин жок. Башкача айтканда, Баткен окуясында, роволюцияларда жабыркаган жарандарга өкмөттүн токтомунун негизинде жардам берилген, алар мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Ал эми бул мыйзамда, кызматкер кызмат өтөп жаткан учурда жаракат алса, жардам көрсөтүлөт», — дейт Асанов.

 

Copyright © 2017 Maral FM