Биз менен байланышыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Атада өтөт

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 463 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги астында өткөн Евразия Экономикалык комиссиясынын кеңешинин жана Евразия Экономикалык Биримдигинин вице-премьер-министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңештин жыйынынын күн тартибинде интеграцияны өнүктүрүү, соода кызматташуу, эл аралык кызматташтык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын айдоочулук эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүгө уруксат берүү, бажы кызматташтыгы, өнөр жай, товарларды маркалоо, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу сыяктуу жалпы 28 маселе каралды. Ошондой эле, ЕАЭБдин Евразия интеграциялык долбоорлорун жана программаларын башкаруу боюнча органын түзүү концепциясын талкуулашты.

Андан тышкары, «Санариптик сервис «ЕАЭБ Контрагенти» долбоору талкууланып, зергердикти өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы каралып, интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тамеки өндүрүмдөрүнө акциздик салык саясатын киргизүү долбоору боюнча ички мамлекеттик процедураларды өткөрүү багыты жөнүндө чечим кабыл алынды.

Армения жана Кыргызстан үчүн учурда иштеп жаткан ченемдерди белгилөө менен ташуу үчүн бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдерин эсептөө ыкмасы боюнча иштерди улантуу чечими кабыл алынды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM