Биз менен байланышыңыз

Жол эрежесин бузгандар төлөгөн айып пул 122 миллион сомдон ашты

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 553 | 0

Жол эрежесин бузуудан бюджетке түшкөн каражат 122 миллион 249,7 миң сомго жетти.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.

Ушул жылдын март айынан бери 202 миң 187 эреже бузуу катталган. Анын 86 миң 983үнө айып төлөнгөн. Бул жалпы сандын 43 пайызын түзөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы коомчулукту жол эрежесин сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM