Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада Турар Кожомбердиевдин эстелигинин ачылышы болду

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 1519 | 0

Бүгүн, 22-июнда Кара-Балта шаарында Кыргыз эл акыны Турар Кожомбердиевдин эстелигинин ачылышы болду. Эстелик аталган шаардагы Турар Кожомбердиев атындагы Балдар китепканасынын алдына тургузулган.

Турар Кожомбердиевдин туулган күнүнө арналган иш-чарада адегенде веложарыш өтүп, жеңүүчүлөргө Сары-Булак айыл аймагынын башчысынын, Германиянын Ханнс Зайдел фондунун баалуу байгелери ыйгарылды.

Андан соң Кара-Балта шаарында эстеликтин ачылышы орун алды. Ага Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров жана Бишкек шаарынан барган коноктор, Кара-Балта шаарынын, Сары-Булак айылынын тургундары, акындын туугандары катышты.

Аземде расмий куттуктоолор менен бирге, акындын ырлары актерлордун аткаруусунда көркөм окулуп, обондуу ырлары ырчылардын аткаруусунда жаңырды.

Эстелик 2016-жылы акындын 75 жылдыгына карата Сары-Булак айылында өткөзүлгөн марафондо чогулган акчага тургузулган жана ага Жайыл районунун акимчилиги, Кара-Балта шаарынын мэриясы көмөк көрсөткөн.

Буга чейин акындын эстелиги 2017-жылы өзү туулуп-өскөн Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы Турар Кожомбердиев атындагы орто мектептин алдына тургузулган.

Маалымат катары айтсак, залкар акындын ысымы Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы орто мектепке, Сары-Булак айылынын бир көчөсүнө, Кара-Балта шаарындагы Балдар китепканасына жана Кара-Балта шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылган. Ошондой эле, акындын ысымын алып жүргөн Сары-Булактагы орто мектептин астына да эстелиги орнотулуп, бир бөлмөсүнө музейи ачылган.

  

Copyright © 2017 Maral FM