Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада окуучуну тепкен мугалимге сөгүш берилди

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 506 | 0

Кечээ, 5-февралда Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу соцтармакка жарыяланган. Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн чогулуш өткөргөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Биз мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”,-деди Талантбек Арыков.

Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.

Copyright © 2017 Maral FM