Connect with us

Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү ачылат

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 557 | 0

Францияда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү ачылат. Бул боюнча кечээ өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө айтылды.

Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдиргендей, кечээ болгон телефон аркылуу сүйлөшүү франциялыктардын демилгеси менен уюшулган.

Тараптар Лемуан мырзанын 2019-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын жыйынтыктарын, биргелешкен иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды уюштурууну жана өткөрүүнү талкуулашты.

Министр Айдарбеков жана Лемуан Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселесин дагы талкуулашты.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Франциянын эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЮНЕСКОнун алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Copyright © 2017 Maral FM