Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып бараткан 3 тонна күйүүчү май колго түштү

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 641 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 3 тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз Казакстандан Кыргызстанга ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

«Ford Transit» маркасындагы унааны текшерүү учурунда бир автоунаадан техникалык мүнөздөмөсүндө көрсөтүлбөгөн, ичинде 300 литр күйүүчү майы бар кошумча бак табылган.

Ошол эле күнү аталган көзөмөл-өткөрүү бекетинен «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда 3 тоннадан ашык дизелдик отун табылган. Алар 50 литрлик канистрлерге куюлган.

Документтерине шайкеш келбеген жүк Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM