Биз менен байланышыңыз

«Парламент Атамбаевге узурпация жасоого шарт түзгөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 519 | 0

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде парламенттин экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага күнөө коюуга мыйзамдык укугу болгону менен моралдык укугу жок экенин билдирди.

Анын айтымында, калыстык болушу үчүн Атамбаевди макамынан ажыратуу маселесин референдумга чыгаруу зарыл болчу. Атамбаев кандай иштегенин, аны экс-президенттик макамынан ажыратуу маселесин эл чечмек.

Парламент Атамбаевге узурпация жасоого шарт түзүп берген.

«Узурпация — өтө оор кылмыш, бирок ал Кылмыш-Жаза кодексинде көрсөтүлгөн эмес. Андыктан, ЖК тарыхый баа бериши керек. Мен парламентке айтылган сындарга кошулам. Парламент Атамбавге узурпация жасоосу үчүн шарт түзүп бергенин мойнуна алып, элден кечирим сурап койсо болмок. Эгерде кайсы бир бийлик кызматын кыянаттык менен пайдаланып жаса, башка бийлик бутагы аны токтотуп коюуга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок парламент бир учурда да мындай мүмкүнчүлүктү колдонгон жок. Эми Атамбаев  алсыз болуп турганда мурдагы маселелерге баа берип жатышат. Парламент өз убагында саясатчы Өмүрбек Текебаевди, парламенттик оппозицияны колдоп баа бергенде, мынчалык болмок эмес», — дейт Сооронкулова.

Эске салсак, 20-июнда парламент Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча токтом кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM