Биз менен байланышыңыз

22-26-июлда Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлөт

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 756 | 0

22-26-июлда Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Уюмдун регламентине ылайык, 2019-жылга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өткөн.

Иш-чарада аталган топко мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү уюмдун географиялык чегинде 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы текшерүү ишинин жыйынтыгын карап чыгышат.

Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун иши достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо позитивдүү роль ойнойт, ошондой эле, топко мүчө өлкөлөрдүн кызматташыгына жана географиялык чекте өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт.

Кошумчалай кетсек, биргелешкен көзөмөлдөө тобу «1996-жылдын 26-апрелиндеги чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө» жана «1997-жылдын 24-апрелиндеги чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу» макулдашууларга ылайык, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн жана быйыл өзүнүн 20 жылдыгын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM