Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 1056 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Султанов 2019-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 %га жогорулады. Ал өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүү эсебинен жогорулаган. Ошондой эле, негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өскөнү белгиленди.

Мамлекет башчысы Улуттук статистика комитети аймактар боюнча статистикалык маалыматтардын, алардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтардын толуктугун камсыз кылып, жумуштун аналитикалык жагын күчөтүү керектигин белгиледи.

Чарбалык китептердеги жана «Санарип аймак» платформасындагы маалыматтардын толуктугун жана сапатын камсыздоо ишине активдүү катышуу тапшырылды.

Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык жашоо тармактарында, өзгөчө тышкы соода жүгүртүү боюнча статистикалык айырмачылыктардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына көңүл бурду.

Copyright © 2017 Maral FM