Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеӊеште Атамбаевди макамынан ажыратуу маселеси каралууда

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 467 | 0

Жогорку Кеӊеште «Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомдун долбоору каралып жатат. Экс-президентти макамынан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.

Депутаттык атайын комиссиянын төрт жыйыны өткөрүлүп, адегенде экс-президент Алмазбек Атамбаевге тогуз айып тагылганы, бирок иликтөөнүн жыйынтыгында ал алтыга чейин кыскартылганы белгилүү болду.

Экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алуу, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу боюнча айып тагылууда. Ушундан улам, комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM